БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкекте чыккан өрт кырсыгынан өрт өчүрүүчүлөр 12 адамды сактап калышты. Алардын арасында төрт бала бар экенин ӨКМ билдирди.
Кырсык кечээ "Курулушчулар шаарчасы" кичи районунда болгон. Куткаруучулар өрт №7 үйдүн кампа үчүн бөлүнгөн жайынан чыкканын айтышкан.
Маалыматка ылайык, кырсыктан үй-тиричилик буюмдары жана курулуш материалдары күйүп кеткен. Ал эми окуянын чоо-жайы учурда иликтенип жатат.