Айыкпас ала оорусунан сакайган Айжандын окуясы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОорулуу процедура учурунда. Архив
Оорулуу процедура учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимий техникалардын өнүккөнүнө карабай бүгүнкү күндө дабасы табыла элек дарттар көп. Алардын бири — ала же витилиго деп аталган оору.

Ала илдети — тери оорусунун бир түрү, адам стресске кабылганда, боору ооруганда, көбүнчө териге өң берип туруучу меланин затынын жетишпестигинен улам пайда болот. Ооруга чалдыкканда денени ак тактар каптап кетет. Бул дарт менен ак таңдай акын Жеңижок жабыркаганы белгилүү. Кийинкилерден дүйнөгө дүң болгон Майкл Жексон да ала илдетине туш болгон. 

Медицина илиминде айыкпас дарт экенине карабастан, бул ооруну жеңген Айжан аттуу замандашыбыздын (аты-жөнү өзгөртүлдү) окуясын сунуштайбыз. 26 жаштагы каарман сахна адамы болгондуктан дайын-дарегин сыр бойдон калтырууну өтүндү.

Алышып ал жетпеген ала оорусу

Операционная комната. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Суктандырган шаар, кооз жашоо. Ажалдын оозунан келген Айнуранын кеңештери
Бул илдет менде беш жаштагы кезимде пайда болду. Алгач көзүмдүн үстүнө чыккан. Ошол жылы көлгө түшөм деп көбөйтүп алдым. Көрсө туздуу сууга түшпөш керек экен. Ата-энем эмнени гана кылган жок. Италия, Москвадан атайын дарыларды алдырышты, бирок майнап болбоду. Куурулган тамак жебей, диета кармадым, тамырларды ичип көрдүм, акырында айла жок тоокторго жем кылып берчү чөптү да колдондум. Такыр болбой койду. Ал ортодо жылдар өтүп чоңоё бердим. Он бешке чыкканда илдетим күчөп берди. Колу-бетимди бүт каптап кетти. Көчөгө чыгып жүрө албай калдым. Тууган-урук, достор менен катташууну токтотуп, үйдөн чыкпайм. Күн сайын күзгүнү карап эле шолоктоп ыйлайм… 

Кыйын кырдаалда досум жардамга келди. Атайын крем менен бетимди таанылгыс кылып сүйкөп алып, эл аралап концерт коюп жөнөдүк. Ош облусунда концерт коюп жүрсөк бир байке мага боору оруп, дарыгердин номерин берди. Алгач кызыкканым жок, номерин да жазбадым. Ал учурда айыгууга үмүтүм үзүлгөн эле…

Дартка даба дарыгер

Борборго келип кайра эле үйгө камалдым. Жадаганда баягы доктурду издеп жөнөдүм. Таап сүйлөшсөм, Баткенге чакырды. Ошентип 15 жашымда өмүрү барбаган Баткенге өзүм жалгыз жөнөдүм. Жыйырма алты саат дегенде араң жеттик. 

Издеп барган адамым дарылоого ыңгайлуу болуш үчүн кагыраган кургак жерди тандап, Баткендин тоо боорунда дарылайт экен. Жашоо шартын көрүп качып кетейин деп такси жоктугунан гана калып калдым.

Анан азаптуу күндөр башталды. Ала каптаган бетиме дары сүйкөп, таңып салды. Көзүм эле көрүнөт. Чак түштө күнгө алып чыгып, алты сааттан жерге жаткырып кактайт. Ушунчалык ысык болот экен, эриндерим жарылып кетти. Капкара болуп күйгөнүмдү көрүп ыйлай берип, жаш чыкпай калды. Он күн дегенде денемдин баары күйүп түшүп, дагы үч күн эсим ооп жаттым. Ошондо бетимдеги аланын баары кетип, колумда бир азы калды. 

Апам тааныбай…

Оорулуунун операция учурунда абалын көрсөтүүчү монитор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тубаса жүрөк оорулуу балдарга Кореядан акысыз операция жасалат
Баткенден бир ай дегенде Чүйгө үйүмө келдим. Эшикти такылдатсам, апам ачып "Сизге ким керек?" деди. Же мен туттугуп сөз айта алсамчы… Кучакташып алып көпкө чейин ыйладык. Анан үйдөгүлөр чыгып, айтор сүйүнүчтүн көз жашы көптө барып токтоду.

Арадан он жыл өттү, учурда баары жакшы. Толук кандуу сакайдым деп айта алам. Мени дарылаган адам табып эмес, Москвадан бүтүп келген күчтүү врач болчу. Ошондуктан кандай гана дарт болбосун замандаштарымды табып, бүбү-бакшы эмес, дарыгерге кайрылууга чакырам. 

Дерматолог эмне дейт?

Ала оорусу тууралуу маалымат алуу үчүн дерматолог Александр Пушкаренкого Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кайрылганда, ал бул оору айыкпас илдет болуп саналарын белгиледи. Дарыгердин айтымында, ала илдети атадан-балага берилгендиктен адамда жаш куракка карабай пайда болушу мүмкүн. Иммунитети күчтүү адам гана бул оору менен күрөшө аларын, илдеттин белгилери байкалса дароо медицина кызматкерлерине кайрылуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0