Айнура эже рак илдетин жеңүүгө боло тургандыгын далилдеди. Бул кайраттуу аял төмөндө замандаштарына ден соолукту сактоо, дегеле кыйынчылыкты көтөрө билүү боюнча кеңеш берди.
Оору ага акырын байкатпай, мышыкча жылып келиптир. Жакшынакай эле иштеп, кыздарын чоңойтуп, небересин багып, тынымсыз иштеп жүргөнүн айтат. Анда эмесе, кеп башынан болсун.
Биринчи катачылыгым. Ошентип, күндөрдүн бир күнүндө өмүрү атын укпаган маммологго бардым. Катуу болуп турган жерди кесип, алып салыш керек деди. Мен эмчекке бычак тийгизген болбойт, өзү жоголуп кетет чыгар деген ойго жетелендим да кетип калдым. Кеп-кеңеши жок эле интернеттен окугандарымды, өзүм билгендеримди жасап, ар кайсы майларды сүйкөп, жоголуп кетээр деп жүрө бердим. Көрсө, колтуктагы без чочуп, ракка айланып бара жатыптыр. Качан гана телевизордон бир программаны көргөндө ордумдан козголдум. Андыктан, шектенсең дароо дарыгерге кайрылышың керек.
Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда. Дарыгер рак деп дароо айтпайт экен. Бирок, көзүнөн эле сездим. Эч нерсе уккум да, көргүм да келбеди. Ичим уйгу-туйгу болуп, каршылашкан сезимди жараткан, бул мага эмес деген ойлор келе берди. Диагнозумду эртең менен саат 11лерде уктум. Палатаны көрүп, процедураларынан өтүп, анализ тапшыргыча түш болду. Кечке жуук гана өзүмө келдим. Суранып алып үйгө барып, өксүп-өксүп ыйладым. Жашырганым менен кыздарым шек санап калышты… Чогулуп алып баарыбыз ыйладык, акыры кайратыма келип, белимди бекем буудум. Аларды сооротуп, ал тургай тамашаламыш болуп, кечинде ооруканага жалгыз кеттим. Башкысы — кайраттанып, оюңду жыйып өзүңө келүү. Себеби, бул — сен жалгыз жаның кыйналып, жалгыз өзүң гана көтөрө турган жазмыш.
Адам руханий дүйнөсүн азыктандырып турбаса чөгүп кетет. Ооруканада жатып, күчүмдү китептен чыгардым. Жазуучу Дарья Донцованын "Очень хочу жить" деген китебинен баштадым. Жанталашып окуй бердим, окуй бердим. Палатада жатсам да, жакшынакай кийинип алып окууну адатка айландырдым.
Ооруканада жаткан үч айда төрт ирет химия алдым. Процедуралардын ортосу 21 күндөн болот. Ар бирин жасагандан кийин өзүнүн оорчулуктары бар, муну да көтөрүшүң керек.
Өлбөгөн жанга жаз келет. Ошентип отуруп жазга кирдик. Жан деген таттуу экен, ушул убакыт ичинде дарыгерлердин айткандарынын баарын жасап, тыкыр сактадым.
…8-мартта оорукана 3-4 күн иштебегендиктен жөн эле жата бербей, үйгө барып келейинчи деп көчөгө чыксам эми… шаар салмактуу дем алып, тим эле уу-дуу, улуу кыймыл өз ыргагында. Машиналар куйрук улаш зуулдайт, эл – жашы-карысы, бала-чакасы ары-бери шашып, тим эле кайран жашоо өз өкүмүндө экен. Тим эле кайнап жатыптыр. Бул көрүнүштөн соң, бир короодон бүк түшүп эмне жатам, кыймылдан, жашоодон сырткары калган турбайбымбы деп ойлодум. Тез эле элге аралашып, ошолордун бири болуп, арасына сиңип кетким келди.
Тилде сөөк жок. Үч айдан кийин үйгө келдим, чачтын баары түшкөн. Кырдырып да салгам. Эмчек операциядан кийин аябай чуңкурайып кирип кетип, сымбатынан ажырап калат. Учурашабыз деп келгендердин көбүнүн караганы — чачым менен эле көкүрөгүм. Бул жерден экинчи ирет бир мүдүрүлөсүң. Бирок, моюн бербей, кайра туруш керек.
Йога жакшы жардамчы. Бир жылдан соң йогага жазылдым. Андан энергия аласың, дене боюңду жазып, түзөп дегендей. Мага абдан жакты. Жардамы жакшы болот экен. Көңүлүң кооптонбойт, көкүрөктө бир бейкут сезим.
Жандана баштадым. Протез эмчек алып тагынгандан кийин, жакшы болуп калыбыма келип, аялга окшоп, койкоңдоп, көңүлүм көтөрүлүп баштады. Өзүнүн тагын салганы менен, оорум унутта калгандай. Себеби, бул менин маанайым болду. Элге аралашып, башкалардан качпай, көрүнө баштадым.
Учурда бир коомдук уюмдан Айгүл Кулдаева аттуу адамды таап алып, ошолор менен сүйлөшүп, ичимдегилерди бөлүшүп турам. Эми онкологиялык оорулардан жабыр тартып, таптакыр эле чөгүп кеткен аялдарга колдоо көрсөтсөмбү деген оюм бар.
Таарынычты эч качан ичке кармабагыла. Бул оору болор-болбоско таарынып, ичине кармап, ызаланган, анысын көпкө чейин унутпай жүргөн адамдарда арбын кездешет. Туугандарыңа, бала-бакыраңа, күйөөңө, жакындарыңа дайыны жок таарына бериштин кереги жок. Жаркылдап жүрүп, оюңду оңдосоң, ооруну жеңе аласың. Бүгүнкү күн менен жашаш керектигине көзүм жетти. Эртеңкиге кайгы жеп, убайымга түшүп, кейип-кепчий бериш зыяндуу экенин түшүндүм. Жашоонун, адамдардын баркына жетип, жакшылык кылганды билиш керек экен. Чөгүп тургандардын маанайын көтөрүп, жылдызы түшүп тургандарды күлдүрүп, көңүлүн ачып койгондун өзү эле керемет тура. Ушуларды биле баштадым. Өзгө үчүн болбосо да өзүң үчүн, көңүлүңдүн тынч, маанайыңдын жарык болушу үчүн кечиримдүү, сабырдуу болушуң керек.
Көрсө, баланын, бир туугандын, ата-эненин, күйөөнүн, айтор, ар биринин орду өзү менен экен. Баарын жашоонун агымына коюш керектигин, алар сенсиз деле өз нугу менен кете берээрин эми баамдадым.
Мисалы, мен кыздардымды күйөөгө берем, себин даярдайм, куда-кудагый менен катышып, аларды чакырам деп түйшүктөнө бериптирмин. Кызым төрөгөндө жанында турам, тыңытам, анан жентегине барам, тушоо кескенде кошо жүрөм дечүмүн. Ооругандан кийин сырттан көз салып карасам, өзүмдү таптакыр эле карабай, унутуп койгонумду көрбөдүмбү. Түшүнбөстүк менен алардын жашоосуна жабышып, өзүбүздүкүн таңуулап алат экенбиз. Ашыкча түйшүктөнүү кишини стресске түшүрүп, адамдын ичиндеги тең салмактуулукту жоготуп коёруна көзүм жетти. Өзгөчө, элетте жашаган аялдар, биздин курдаштарга ушуну айтар элем.
Эмчи-домчу эч нерсе кыла албайт. Оорунун белгилери байкалса, табыпка чуркаганды токтотуш керек. "Рак оорусу уу коргошун деген чөптү ичсе эле айыгат" дегенди көп уктум. Айтаарым, эгерде ал күчөп, денеге тарап кетсе эч кандай өсүмдүк да, көзү ачыктар да жардам бере албайт. Болгону акчаңар менен убактыңар кетет. Дароо эле дарыгерге барган жакшы. Алар шишик чоңоюп денеге жайылып, тарап кете электе алып салат. Бул биринчи жардам. Андан кийинки процедураларды өтүп, ишеним артып, айыгып кетүү ар кимдин өзүнүн колунда, урматтуу сиңдилерим, эжелерим!