БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Манас-аэропорт" өткөрүү пунктунан бөлөк бирөөнүн документи менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган өспүрүм кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 жаштагы бала Бишкекке Новосибирскиден учуп келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө ал Россиядан берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөткөн. Маектешүү учурунда күбөлүктө жазылган ата-энеси тууралуу маалымат жана баланын жаш курагы чындыкка дал келбей калган.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чек араны бузган өспүрүм аэропорттун милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.