Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү почта кызматына кайрылып, азыр өткөн мезгилдегидей кат жазышуу дагы деле калдыбы, жокпу кызыгып көрдү. Почтада эмгектенген Анара Калпаева менен Мимоза Жээнбекова интернет өрчүгөнүнө карабастан, эпистолярдык жанр жакшынакай эле жашап жатканын айтып беришти.
Эки миллион каттын эсебинен түшкөн 17 миллион
Чет элдиктер менен кыргыздардын кат алышуусу дагы активдүү жүрүп келет. Тагыраагы, 2015-жылы 9 айдын ичинде кыргызстанга 286 миң кат келсе, 136 миң кат чет өлкөгө жиберилген. Ал эми эл аралык тез жеткирүү почта кызматы аркылуу чет өлкөгө 1800 кат жана посылкалар жөнөтүлгөн.
Кыргыз почтасы элге эмне кызмат көрсөтөт?
Бүгүнкү күндө кыргыз почтасы пенсия, жөлөк пул, гезиттерге жаздыруу, коммуналдык төлөмдөрдү кабыл алуу жана интернет дүкөндөрүндө сатылган продукцияларды кардарларга жеткирүү кызматтарын аткарат.
Кыргыз почтасы Бишкектеги ири үч интернет дүкөндөрү менен келишим түзө алган. Интернеттен сатылган продукцияларды почта кызматкерлери кардарлардын колуна жеткирип берет. Бул 2015-жылы 11 миллион сом киреше берген.
Почточу болуу оңой эмес
Ал эми кызматтын баасына келсек, конвертти эске албаганда кат жөнөтүү жөнөкөй жарандар үчүн жети сом. Буйрутма кат 10 сом жана баалуу кат 17 сом.
Бишкектин ичинде бүгүн кат жөнөтсөңүз, эртеси жетип калат. Ал эми айыл-апага эң максималдуу жеткирүү мөөнөтү сегиз күндү түзөт.
Тоо менен да, түз менен да… желдей жортуп иштөө керек
Sputnik Кыргызстан почтачылардын кат таратууда тушуккан кыйынчылыктарынын сегиз түрүн атап берет.
- Каттарды жеткирүү үчүн кызматкер жашаган аймагынын картасын беш колдой билүүсү керек. Себеби, бир кат келген күндө дагы анын ээси айылдын түпкүрүндө же тоо этегинде жайгашып калуусу ыктымал.
- Жыл санап гезиттердин санынын өсүүсү менен жөнөтүлгөн каттар дагы көбөйүп жатат (социалдык коргоо башкармалыгы ж.б. ведомстволор элге кат жөнөтүп турат). Анын баарын иреттеп жеткирүү үчүн почтачыга кошумча акча төлөнбөйт.
- Кат менен гезиттер салынган баштыктын салмагы 5 кг. же 10 кг. экени эч кимди кызыктырбайт. Жонуна артып алып болсо да жеткирүүсү зарыл.
- Эгер үйдүн ээси жок болуп калса, башка күнү кайра келүүгө туура келет.
Кыргыз почтасы 1991-жылдан тартып Дүйнөлүк почта биримдигине мүчө болуп кирген, учурда ага 192 өлкө мүчө.