Айылга кат. Кышында үйгө жем издеп келген кыргоолдор. Каныбек Иманалиевдин каты

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖайлоодо чуркап бараткан балдар. Архив
Жайлоодо чуркап бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар акын, ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев кат жазды. Чоң-Кеминдин Кайыңды айылынан белгилүү адамдар Мураталы Күрөңкеев, Аалы Токомбаев, Ысак Шайбеков чыккан.

Менин айлым – Чүй өрөөнүнүн күн чыгышындагы айтылуу Чоң-Кеминдин эң төрүндө орун алган Кайыңды айылы. Андан ары калктуу пункттар жок. Суу, тоо, жайлоолор, аска-зоо болуп кетет.

Айлыбыздын күн чыгышынан Чоң-Кемин суусу акса, түндүгүнөн Кайыңды суусу, күн батышынан Ийри-Суу агып турган, төрт тарабын суу курчаган айыл.

…Кезинде биздин айылга 1960-жылдары белгилүү дагестан акыны Расул Гамзатов келип, жаратылышка таңданып: "Ушул жерде да адам өлөбү?" деп суктанган экен.

© предоставлено Каныбеком ИманалиевымДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Каныбек Иманалиев

300 түтүн чамалуу биздин айылда эле үч академик, үч Кыргыз эл артисти, кырктан ашык илимдин доктор, кандидаттары, айтылуу Мураталы Күрөңкеев, Аалы Токомбаев, Ысак Шайбеков сыяктуу атпай журтка таанымал инсандар чыккан.

Биздин балалык кезди эстегенде, эң ириде үйдүн эң бет маңдайында тоодо жайнаган жоогазын гүлү өсөөр эле. Бейшеке-Булак, Кожоке деген жайлоолордо балтыркан, ышкын терип келип, жаанда калган күндөр эске түшөт. Көк-Ойрок деген кереметтүү жайлоо бар. Азыр да токойдо жапайы малина, карагат, чыны карагат, чычырканактын ашы, долоно жайнайт. Кышкысын кыргоолдор үйгө чейин жем издеп келчү.

Акын Аалы Токомбаевдин айылга арнап жазган ырынын бир эле куплетинен айылдын керемет сулуулугу көз алдыңа тартылып турат:

Долоно, четин аштары
Мончоктой кызыл мөлтүрөйт.
Эртең менен шүүдүрүм
Сымаптай болуп көлкүлдөйт.
Беш көкүл кыздын чачындай
Сарымсак, текей селкилдейт.

Ал эми акын Совет Урманбетовдун Кайыңды айылынын ажайып кооздугуна суктанып мындай деп жазганы бар:

Бир көргөнгө мактап кетти дебегин.
Ушу сенде жыты бар бейм энемин.
Кайсы жакка берсе дагы путевка,
Оңдоп жазып кайра өзүңө келемин.

…Бала кезде мал тоскону барганда Жумалы, Жунушалы, Карагул, Дүйшөн, Сайдек, Касмалы, Сары аттуу аксакалдар не деген санжыраларды айтчу эле.

Султан Раев апрасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы
Окуучулук кезде картошка тигип, отомой, сугармай, термей, чөп чапмай, музоо аркандамай, уй, кой кайтармай сыяктуу түйшүк менен өтчү. Эң кызыктуу учурубуз, жайкысын классташ балдар түнкүсүн аттарды минип алып, Чоң-Кеминдин беш айылын таңга дейре кыдырып, асфальт жол менен аттардын такасынан от чыгара жарышчу элек. Ошол керемет күндөр эчен ирет түшкө кирди.

Азыр Кудайга шүгүр, айлыбызда күн санап түтүн көбөйүп, үйлөр салынып, жол оңолуп, спортзал, аптека салынып, өсүп-өнүгүүнүн үстүндө.

Бир гана ошондогу санжыргалуу аксакалдар бу дүйнөдөн өтүп кетишкен. Элдин пейили да рынок заманына ыңгайлашып бараткандай.

…Ал кезде биздин айылдын кышы аппак, …көктөмү көпкөк, …жайы жапжашыл, …күзү алтын түстүү, …суусу көк ирим, …булагы көк мөлтүр, …тандырда жапкан наны да бир башкача даамдуу эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0