БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен өлкөнүн премьер-министри Ахмет Давутоглунун алды-артын ойлобой жүргүзгөн саясаты коңшулары менен болгон мамиледеги көйгөйдү эң жогорку чегине алып келди. Ошондой эле, террорчулардын өлкө чек арасындагы аракеттерин күчөтүүгө негиз берди деп жазат The National Interest басылмасы.
Басылма Сириядагы төрт жылдан ашык созулган жарандык согуш учурунда Түркия өз чек арасындагы жихадчыларга көз жуумп койгондугун баяндайт.
Андан сырткары Анкара жихадчыларга Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кулатуу боюнча чек араны өз стратегиясынын бири катары колдонууга уруксат берген деп жазды.
"Эки жыл мурда "Ислам мамлекети" террордук тобу дагы чек араны колдоно баштаган (аткезчилик үчүн — ред.). Бирок улам көбөйүп бара жаткан коркунучту Түркиянын азыр моюнга алуусу кеч болуп калды. Ал коопсуздук чараларын күчөткөнү менен "Ислам мамлекети" Сирияда чек арага жакын эки шаарды басып алып, Стамбул, Анкара сыяктуу калааларга чейин кирип келди", — деп баяндайт аталган басылма.
Түркиянын экинчи бир көйгөйү күрд улутчулдары экенин аталган басылма баса белгилеген. Көйгөйдү буга чейин Анкара жайгарып келген.
Мурдагы Тышкы иштер министри, учурда премьер-министр Ахмет Давутоглу ишке ашырууга аракет кылган "коңшулар менен жаңжал жок" саясаты өзүн-өзү актаган жок. Ал эми Түркиянын коңшулары менен болгон мамилеси чыңалуунун эң жогорку чегине жетип, өлкөнү терроризмдин коркунучтары алдында алсыз кылып койду деп жазат The National Interest.