БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Оштун Чоң-Алай районунда мыйзамсыз аңчылык кылган төрт жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, браконьерлерди "Карашыбак" чек ара заставасынын кызматкерлери колго түшүргөн. Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан ТОЗ – 3212, СКС үлгүсүндөгү курал-жарак табылган.
Учурда браконьерлер Чоң-Алай ройундук ИИБине өткөрүп берилди.