БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. Катуу жааган карга байланыштуу бүгүн түнү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери кар күрөп чыгышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Тротуарлардагы карды тазалоого көчө шыпыргычтар менен жол-эксплуатациялык башкармалыгынын 30 кызматкери чыкты.
Мындан сырткары жолдорго 173 тонна кум жана 13 тонна туз себилди.
Учурда тазалоо иштери кечки маалга чейин токтотулду. Бирок, күн ичинде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жарандардын чакыруусу менен тазалоо иштерине чыгып турат.