БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Узакка созулган анамалдуу жылуу аба ырайынан кийин 17-январдан 19-январга чейин суук болору күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар калың жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 18-19-январда кар жаап, кээ бир райондордо калың түшөт.
18-19-январда Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 13 градус, күндүз 5 градуска чейин суук болот.
Ал эми Таласта түндө 15, Ысык-Көлдө 12 градус, Нарын облусунун тоолуу аймактарында түнкүсүн 30 градуска чейин суук болот.
Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын ӨКМ эскертет.