БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жогорку Кеӊеш 6-январда өтө турган жыйынында Акционердик коомдор, Салыктык эмес төлөмдөр, Курал жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдарды карайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Андан сырткары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзам долбоорлору талкууга коюлат.
Парламентарийлер бул аптада пленардык жыйынга бир күнгө гана чогулат. Экинчи күн — 7-январь майрамга туура келгендиктен иш күн эмес.