БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Токтогул районунда үй өрттөнүп, иске ууланып өлгөн 71 жаштагы үй ээсинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Үй-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Сарыката айылында болгон. Өрт турак үйдүн 20 чарчы метрин жалмап кеткен.
Министрлик учурда кырсыктын себептери такталып жатканын белгиледи.