БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдык мааракеси белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында саат 15.00дө өтөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенциянын катышуусу күтүлүүдө.
Сагындык Өмүрбаев 1930-жылы Кочкор районунун Ак-Кудук айылында жарыкка келген. Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштап, "Бороондуу күндөр", "Телегей" сыяктуу романдары менен кара сөздүн чебери экенин далилдейт.
Жазуучу 1999-жылы 69 жашында каза болгон.