БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болору күтүлүп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарында абанын температурасы 11-13 градуска жетип, күн ачык болот. Ал эми Ош шаарында күндүз абанын жылуулугу 14 градуска чейин жетет.