БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун мүчөсү колго түшүрүлгөнүн Чүй ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Чүй районунун Дөң-Арык айылында жашаган 44 жашар жарандын үйүн тинтип, андан экстремисттик маанайдагы 24 DVD диск тапкан.
Учурда табылган буюмдар теологиялык экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары башталды.