БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү менен таанышканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Башкы штабдын жетекчиси Жаныбек Капаров жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Марат Кенжисариев катышты.
Жыйын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандын учурдагы аскердик даярдыгы талапка жооп берерин белгилешти. Мындан тышкары, Атамбаевге реформанын жүрүшү, улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.