БИШКЕК, 23-ноя. – Sputnik. Кош бойлуу аялдар кооптонбой эле кофени өлчөмү менен ичсе болот. Муну АКШда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөттү. Ага ылайык, мурда эсептелгендей, кофе баланын IQ деңгээли төмөн болушуна эч таасир бербейт экен деп айтылат American Journal of Epidemiology журналына чыккан макалада.
"Жалпысынан биздин байкоолордун жыйынтыгы боюнда бар аялдар баласы өрчүү жагынан өз курдаштарынан артта калат деп коркпой эле күнүнө 1-2 чыныдан кофе иче берсе болорун көрсөттү", — дейт Огайо университетинен (АКШ) Сара Кайм (Sarah Keim).
Өткөн кылымдын 50-жылдарынын акырында жана 70-жылдарынын башында, кош бойлуу аялдар кофе ичкенден корккон кезде экспериментке катышкандарга адаттагыдан көп кофе ичүүнү сунуштаган медиктер алардын жана болочок баланын саламаттыгына кылдат байкоо жүргүзүшкөн.