Кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак чек ара пункту. Архив
Кыргыз-казак чек ара пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КР премьер-министри 20-ноябрдан тарта чек аралардагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл толугу менен алына турганын билдирген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 19-ноябрдан тартып кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок", "Каркыра" көзөмөл өткөрүү пунктарында фитосанитардык көзөмөл алынганын Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ак-Жол чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноябрда чек арадагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынат
Белгилей кетсек, өкмөт башчы Темир Сариев 20-ноябрдан тарта чек аралардагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл толугу менен алына турганын билдирген эле

Эми ЕАЭБ аймагындагы өлкөлөргө айыл чарба продукциясын ээн-эркин ташууга жол ачылат.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон чек арасындагы бажы посттору алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0