БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Америка "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик уюмунун лидерлеринин бири Абу Мухаммад эш-Шимали жөнүндө маалымат үчүн беш миллион доллар сыйлык жарыялаганын АКШнын мамлекттик департаменти билдирет.
Департаменттин маалыматына ылайык, эш-Шимали ИМдин иммиграция жана логистика боюнча комитет башчыларынын бири жана чет элдик согушкерлердин Түркиянын Газиантеп шаарынан Сириянын Жераблус шаарына барышына жооп берет.
"Эш-Шимали жана ИМдин иммиграция жана логистика боюнча комитети Европадан, Түндүк Африкадан жана Араб жарым аралынан Сирия менен Иракка карай контрабанданы, акча которууларды, товар ташууларды жөнгө салып турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, эш-Шимали 2014-жылы Австралиянын, Европа биримдиги жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандарына Сирияга жетүүгө жардам берген. Ошондой эле ал ИМдин Сирияда жаңы согушкерлерди кабыл алуу борборун да башкарчу.
![Исламское государство (кырг) Исламское государство (кырг) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101343/97/1013439789_0:0:998:3211_600x0_80_0_0_81f2a33e6d0d5c640ac1ee8adf36c56e.jpg)