Кыргызстан, анын ичинен өзгөчө Бишкек шаарындагы айкелдер, скульптуралардын бир тобу, бүтүн бир ансамблдер Садыковдун колунан чыккан.
Ал биринчи эмгектеринен тарта эле элдин турумушун чыгармаларында колдонуп, өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар сүрөткер катары көрсөткөн. "Койчу", "Эне", "Саанчынын сүрөтү", "Жылкычы", "Дирижер" эмгектери буга далил.
Андан сырткары орто кылымдагы ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин скульптуралык портреттерин түзгөн.
Анын чыгармачылыгында илим-билимдин дыйканы болгон замандаштарынын порттреттери өзүнчө орунда. Алар дарыгерлер — Мирсаид Мирахимов, Мамбет Мамакеев, интеллигенция өкүлдөрү — Чыңгыз Айтматов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Саякбай Каралаев жана бир топ инсандар.
Президент Алмазбек Атамбаев айкелчини 80 жылдыгы менен куттуктап, "анын эмгектери, айкелдери, монументтери жана комплекстери өлкөбүздүн көп жерлерин көрккө чыгарып, Кыргызстан тарыхынын урунттуу учурларын көз алдыбызга тартып турарын" айтты.
Скульптор Тургунбай Садыков өнөр менен бирге агартуучулук иштерге дагы аралашып, Бишкектеги улуттук көркөм өнөр академиясын калыптандырып, таланттуу балдардын жатак-мектебин негиздеген.
Анын көркөм искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы ар дайым татыктуу бааланып келди.
Тургунбай Садыков — Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры. СССР эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги. СССРдин Ленин сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Кыргызстандагы Улуттук көркөм өнөр академиясы анын ысымын алып жүрөт.
Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар деген аймакта 1935-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Фрунзе шаарындагы Кыргыз көркөм өнөр училищесинде, андан соң, 1962-64-жылдары Москва шаарындагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайынын алдындагы эки жылдык жогорку курсунда билим алат.
Садыковдун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.