00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эксперт: геология мекемесинин статусун жогорулатып, Эмгек министрлигин калтыруу керек

Жазылуу
Геология мекемесинин статусун министрликке чейин көтөрүү тоо-кен тармагынын өнүгүүсүнө жол ачса, Эмгек министрлигинин калтырылышы мигранттар социалдык жана укуктук жактан көбүрөөк колдоого ээ болот, деп эсептейт Элдар Тажибаев.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жаңы өкмөттүн курамындагы мамлекеттик геология агенттиги министрлик болуп, ал эми Эмгек жана миграция министрлиги өз калыбына калтырылышы зарылдыгын Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы түзүлө турган өкмөттүн структурасында Геология агенттиги ошол боюнча калып, Эмгек, Энергетика жана Коргоо министрликтери комитет жана кызмат болушат.

Тажибаевдин айтымында, тоо-кен тармагы учурдагыга караганда көбүрөөк көңүл бурууга муктаж.

"Тоо-кен тармагы ИДПнын 10 пайыздан ашыгын, экспорт жана өнөр жай өндүрүшүнүн тең жарымын камсыздайт. Мындан ары да өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар. Депутаттар экономика үчүн аталган тармактын маанилүүлүгүн белгилеп, Жогорку Кеңештин структурасында отун-энергетикалык жана кен пайдалануу боюнча өзүнчө комитет түзүүдө", — дейт эксперт.

Тажибаев эгер Геология агенттиги министрлик болуп калса, табигый ресурстарды сактоо, өндүрүү, пайдалануу, изилдөө жана кен казуу тармагын башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууну тапшыруу керектигин белгилейт.

"Аталган тармактагы ишмердүүлүктү жөнгө салып, укуктук-ченем актыларын иштеп чыгууну, өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө, экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо, кадрларды окутуу маселелерин да бир эле мамлекеттик органга жүктөлүүсү кажет", — дейт комитет төрагасы.

Коалиция: өкмөттүн курамын премьер-министр өзү түзөт
Эксперттин пикиринде, мындай министрликтин пайда болушу тоо-кен тармагын башкаруунун сапатын жакшыртып, Кыргызстанга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул өз кезегинде экономикага оң таасир тийгизет.

Тажибаев социалдык-эмгек изилдөө борборунун директору катары эмгек жааты социалдык-экономикалык жана саясий туруктуулукту камсыздап, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуучу шарт-жагдайларды түзү берерин белгилейт. 

"Кыргызстанда 2,3 миллион адам жумуш менен камсыздалган. Анын жарымы көмүскөдөгү уюм-ишканаларда иштейт. Алардын эмгеги регламент менен чектелбейт, демек укуктары да корголгон эмес. Мындан улам салык органдарына жана Социалдык фондго милдеттүү төлөмдөр төлөнбөйт", — дейт ал.

Коалиция өкмөттүн жана ЖК курамын өзгөртөт, вице-премьердин баары алмашат
Тажибаев Кыргызстан калкынын 20 пайызы чет жакта эмгектенгендиктен, Мамлекеттик миграция кызматы министрликтин деңгээлиндеги укуктук жана социалдык-экономикалык маселелерди чече албай турганын белгилейт.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн жаңы курамында 12 министрлик, эки мамлекеттик комитет, сегиз агенттик жана 11 кызмат, эки инспекция жана төрт атайы мамлекеттик орган болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0