БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ошто төрт жыл бою кошумча нарк салыгын төлөөдөн баш тартып, мындан мамлекетке 1,5 миллион сомго чукул зыян келтирген жеке ишкер аныкталганын Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 16 миллион 638 миң сомго товар алып келип, 1 миллион 410 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөй келген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.