БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мекемелеринин психологдору үч апталык окутуудан өттү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Курс түрмөлөрдө иштеген психологдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталды. Бардыгы болуп республикадагы 21 абак жайларынын жана ИИМдин кызматкерлери абактарда иш алып баруу боюнча кошумча окутулду.
Окутууну Польшанын түрмө башкармалыгы боюнча борбордук кызматынын башкы психологу Юстин Кудюк өткөрдү.