00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
41 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Концерты и флешмобы больше не работают - представители УрФУ о том, как на самом деле строить молодёжную политику
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Алимент, зомбулук, мигранттар: Кыргызстанда адам укуктары кандай корголуп жатат?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Глава Союза строителей о строительном буме в Кыргызстане, проблемах и будущем городов
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Фольклор, достук жана маданий мурас: Кыргызстанда VI Эл аралык “Наристе” фестивалы өтөт
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Ступор, толпа и телефон вместо помощи: разбираем ошибки очевидцев ЧС
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Курман айт — кайрымдуулуктун жана биримдиктин майрамы
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Изилдөөлөр уйкунун жетишсиздиги жана ашыкча уйку органдардын картаюусун тездетерин көрсөттү. Сапаттуу уйку кандай болушу кажет?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносунун келечеги: ири долбоорлор жана чоң пландар “Стоп кадрда” талкууланды
19:07
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бишкектин Башкы планы бекитилди: борбор калааны кандай өзгөрүүлөр күтөт?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Искендеров: КР менен Тажикстандын чек арасындагы 48 чакырым жер эч кандай алмашылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын чек арасы. Архив
Кыргызстандын чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда жарым анклаб болуп, же болбосо, Кыргызстанда жарым анклаб болгон жерлер бар экенин Курбанбай Искендеров эскертти.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы 48,45 чакырым тилке жумушчу топтун деңгээлинде такталганын, эми ал комиссиянын деңгээлинде бекий турганын өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайы өкүлү Курбанбай Искендеров Sputnik агенттигине билдирди.

Бир катар жергиликтүү ЖМКлар эки мамлекеттин ортосундагы 48 чакырым жер өз ара түшүнүшүү жолу менен алмашыла турганын вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев маалымат жыйында айтканын жазып чыгышкан.

"Тажикстанга эч кандай 48 чакырым жер берилбейт дагы, биз алардан албайбыз дагы. Бул жер жумушчу топ тарабынан аныкталган жер. Ал эми комиссиянын деңгээлинде бекитилет. Ал эми 12 гектар жерди өз ара түшүнүшүү жолу менен алмашуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди ал.

Вице-премьер Маматалиев КР менен Тажикстандын достугун чыңдоо үчүн Душанбеге учту
Искендеровдун айтымында, Тажикстанда жарым анклаб болуп, же болбосо, Кыргызстанда жарым анклаб болгон жерлер бар. Бул жакта жашаган эки эл кыйналбасын деп чек араны түздөө максатында жерлерди алмашуу маселеси каралып жатканын айтты.

"Баткен району менен Исфара району чектешкен жерде Арык-Ашты деген аймак бар. Ал жердеги 12 гектар жерди өз ара түшүнүшүү жолу менен алмашалы деген сөз болуп жатат. Азыр элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ал жерде аткарыла турган иштер көп экен. Үлүш жерлердин кожоюндарынын кээси бул дүйнөдөн өтүп кетиптир. Аларды мураскорлору мыйзамдуу түрдө ээлеп, мамлекеттик каттоодон тийиштүү документтерди алыш керек. Үйлөрдүн тактоо иштери бүткөндөн кийин бул жер канча гектарды түзө турганын так аныктап туруп тажиктерге сунуш кылабыз", — деди Искендеров.

Ал ошондой эле, чек арадагы жерлердин бардыгы расмий түрдө кыргыз жарандарынын атында катталып турганын айтты. Ошол эле учурда тажик жарандарына сатылып кеткен үйлөр бар экенине токтолуп, бирок алардын бирөө да Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан тажик жарандарына катталбаганын айтты.

"Кыймылсыз мүлктү сатып алууда тийиштүү документтер жок болгондуктан алар турган жер Кыргызстандын жери болуп эсептелет. Үйгө толук ээлик кылуу үчүн тажик жарандары Кыргызстандын атуулдугун алышы керек", — деди ал.

5-6-ноябрда Тажикстандан комиссия Бишкекке келип чек-ара маселесин талкулашат оо болот.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагы 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган. Калган чек ара тилкелери тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0