БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Вице-премьер Абдырахман Маматалиев чек ара маселелерин сүйлөшүү үчүн Тажикстанга учуп кеткенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
22-23-октябрда Душанбе шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Ал жакта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат деп айтылат билдирүүдө.
Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында ошондой эле, энергетика, транспорт, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, чек ара жана башка маселелер талкууланат.