БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ош облусунан эл аралык террористтик уюмдун эмиссары Кыргызстандын 48 жаштагы тургуну кармалганын УКМК билдирди.
Терроризмге жана диний экстремизмге каршы багытталган ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран кыргызстандыктарды азгырып, согуштук аракеттерге катышуу үчүн чет өлкөгө жөнөтүү менен алектенип келген.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 375-беренесинин ("Жалданмачылык") негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран камакка алынды.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.