БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Студенттер эртең жаштар арасындагы диний ишенимдер жана диний экстремизм темасын талкуулайт. Талкуу Президенттин алдындагы башкаруу академиясында өтөт деп аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
"2014-2020-жылдарга Кыргызстандын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты боюнча концепциясынын алкагында Башкаруу академиясында "Диний экстремизм жана жаштар" деп аталган студенттик дебат өтөт", — деп айтылат таратылган маалыматта.
2014-2020-жылдарга мамлекеттин дин тармагындагы саясаты боюнча концепциянын алкагында республика ичинде бир нече тармактык иш-чаралар бекитилген. Алардын көбү профилактикалык багытта жасалууда.