БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы БУУнун өлкөдөгү агенттигинин мырзалар командасы менен күч сынашканын Футбол федерациясы билдирди.
БУУнун 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында өткөрүлгөн жолдоштук оюн Бишкекте Федерациянын талаасында өттү.
"Оюн абдан кызыктуу болду. Эки команда тең мыкты футбол тартуулады. Беттешүү 2:2 эсеби менен тең чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.
БУУнун курама командасынын оюнчулары мырзалык кылып, кубокту кызыктуу оюн тартуулаганы үчүн ыраазычылык иретинде аялдардын командасына беришкени маалым болду.