БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин эшиги бекип калып, ичинде жети айлык бала камалып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаардык куткаруучуларга аталган окуя боюнча маалымат 28-сентябрда түшкү саат бирлер чамасында келип түшкөн. Куткаруучулар бекип калган эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 7 айлык бала болгон.