БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин атайын дайындоо полкунун кызматкери Майрамбек Тентиев тай боксу боюнча Азия чемпионатына жолдомо утуп алганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрь күндөрү Кара-Балта шаарында тай боксу боюнча III чемпионат жана Кыргызстандын биринчилиги өттү. Мелдешти Муай тай федерациясы уюштурган.
Чемпионатка Кыргызстан менен Казакстандын спортчулары катышты. ИИМ кызматкери Тентиев жеңишти камсыздоо менен аталган спорт түрү боюнча чебер болууга жетишип, Индозиянын Дагарда шаарында октябрь айында өтө турган Азия чемпионатына жолдомого ээ болду.