БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Токтогул районунда "ДАФ-430" жүк ташуучу фура менен "Субару Легаси" үлгүсүндөгү автоунаа бетме-бет кагышып, анын кесепетинен жеңил машинадагы үч жүргүнчү каза болуп, дагы экөө жабыркаганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-сентябрга караган түнү саат 02.41де Бишкек — Ош унаа жолунун 311-чакырымында болгон.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамдарды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилди.
Тактоо учурунда "Субару Легаси" унаасындагы жүргүнчүлөр Сузак районунун тургундары экени анык болду.