БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында эртең мененки саат 10.00дө Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунда болгон кырсыктан каза болгондордун саны жети адамга жеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында "Мерседец Бенс-420" менен "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү унаалар кагышып, ошол жерден үч адам, ооруканадан үч адам, алардын арасында үч айлык ымыркай каза болгон.
Кырсыктан жабыркагандар ооруканага жеткирилип, дагы бир жүргүнчүнүн көз жумганы белгилүү болду.