БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, өлкөлөрдүн ар кыл багыттагы өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
Рахмон жолугушууда экономикалык шарттардагы окшоштуктарды эске алганда мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр чоң экендигин белгиледи.
Атамбаев эки өлкө ортосунда карым-катнашты талкуулоого жакшы шарттар бар экенин айтты.
"Бизде эки тараптуу мамилелерди, эки элдин ортосундагы жылуу кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган чараларды шашпай, ишенимдүү маанайда талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы президент Эмомали Рахмонго Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жамаатык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясынын ийгиликтүү өтүүсүн каалап, Тажикстандын уюмдагы ийгиликтүү жана натыйжалуу төрагалыгын белгиледи.