БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер Кытайда өтө турган CANTON Fair-2015 жарманкесине катыша турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү China Trade Experts компаниясынын жетекчиси Амир Закиров Кыргызстанда жеке ишкердик өнүгүп жатканын, мындан улам суроо-талап да жогорулап жатканын белгиледи.
"Мындай жолугушуулар Кыргызстандын бизнес-коомчулугу үчүн абдан пайдалуу. Келечекте кызматташа турган компаниялар боюнча маалымат алуу каражатты ишенимдүү инвестициялоого жол ачат", — деди ал.
Жолугушуу учурунда катышуучулар Кытайдан инвестиция тартуунун жолдору, Кантон жарманкеси, ага катышуу ыкмалары, жана кытайлык ишкерлер менен кызматташуунун келечеги тууралуу кабардар болушту.
Иш-чара Соода-өнөр жай палатасы, инвестицияларды өнүктүрүү боюнча агенттиктин колдоосу менен China Trade Experts жана ISR Consult компаниялары тарабынан уюштурулду.