00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Черный список ЕС и логистический хаб: как Кыргызстан строит небо будущего
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Монеты из желудка, новый эндоскоп и нехватка кадров: будни главного детского медцентра Кыргызстана
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Борбор Азия – Кытай” саммити — Борбор Азиянын дүйнөлүк геосаясаттагы орду кандай өзгөрдү?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Не просто расстройство: чем опасны кишечные инфекции и как их лечить
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Партиялар үмүт арткан үгүт материалдары туурасында

© flickr.com / Jonathan BrodskyКатуу сүйлөгүч. Архив
Катуу сүйлөгүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк шайлоочуларды өткөн кылымдан калган ыкмалар менен жүргүзүлгөн агрессивдүү, таңуулама үгүт иштери кыжырлантат. Эл азыр өз добушун анык жана жакшы иштер үчүн берет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Эми бир ай бою кыргызстандыктар парламентте орун алууга умтулган саясий партиялардын үгүт иштерине аргасыз күбө болушат. 4-сентябрда үгүт кампаниясы башталды. Ураандар илинген мамылар, стадиондо жолугушуулар, жалпы чай ичүү, ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттери … — мунун баары 3-октябрда "Жымжырттык күн" келгенге чейин уланат.

Байбичелер менен аскерлердин, дарыгерлердин, дагы башка шайлоочулардын добушу үчүн талапкерлер колунан келгендин баарын жасаганга даяр турат. 

Шайлоочулардын тизмесине бүгүнкү күнү 2,6 миллион адам кирди
Ар бир кыргызстандыктын көңүлүн өзүнө буруш үчүн, партиялар салтуу үгүт жолдору болуп эсептелүүчү жарнама мамылары, ар бир үйгө таратылган баракчалар менен катар унааларга жарнамаларды илүү же өз убадалары менен программаларын түз ободон берүү сыяктуу чечкиндүү ыкмаларды да колдонушат. Ошон үчүн партиялардын үгүт материалдары сиз күтпөгөн жерлерден, мисалы, бала бакча же кинотеатрлардын дааратканаларынан табылып калышы таң каларлык деле болбос. 

Кыргызстандыктар — көптү башынан өткөргөн эл, үгүт иш-чараларына биринчи жолу туш болуп жаткан жок. Партиялардын ойлоп тапкычтары, элдин оюнда, көпчүлүктүн кыжырын келтирип, күткөндөн такыр тескери натыйжа берет. 

Sputnik үгүттүн кайсы түрлөрү жагымдуу болуп, 4-октябрда шайлоодо добуш берүүгө ынандыра ала турганы жөнүндө шайлоочулардан кызыгып сурап көрдү. 

Энвер Хавазов, сактык компаниясынын башкы директорунун орун басары:

— Жеке мен үчүн эч бир үн жагымдуу таасир бербейт. Сабаттуу түзүлгөн, көрүп кабыл алууга багытталган үгүт баарынан жакшы болмок. Бирок, бардык партиялардын талапкерлеринин ортосундагы түз эфирден берилчү дебаттар же элге түзмө-түз чыгып маектешүүлөр эң мыкты болмок.

Алексей Лысогоров, дизайнер:

— Чыгармачылык менен жасалган бардык үгүттүн түрү кызыктуу. Ал эми 70-80-жылдардагы идеяларды колдонуу бала бакчадай сезилет да, кыжырга тиет. Чечкиндүү болуш керек, үгүт ишин анык искусствого айланткыдай күчтөрдү тартыш керек. Кардарлар өзүнүн консервативдүү көз караштарынан улам өз шайлоочусун жоготуп алгандан коркуп, чекчкиндүүлүк кыла албайт, ал эми жаштар болсо, тескерисинче, жаңы жана курч идеяларды жактырат. 

Аделя Лаишева, Бишкектин тургуну:

— Үгүт материалдары үйлөрдүн, подъезддердин кейпин бузганы аябай кыжырлантат. Соцтүйүндөрдөгү үгүт да жакпайт, ал эми чындап көрсөтүлгөн жардам сөзсүз жагымдуу болмок. Үгүт агрессивдүү, таңууланма болбошу керек. 

Атыр Абдрахматова, юрист: 

— Жол бойлой желектерди илип койгондорун мен айдоочу катары жактырбайм, себеби аябай жолтоо кылат. Ал эми алардын бир түстө баары кызыл болушу жөн гана кыжырды келтирет. Мага көчөлөрдү кыдырып, мегафон аркылуу тиги же бул партияга добуш берүүгө жасаган чакырыктары жагат. Салтка айланган той-концерттер дебат же талкуу түрүндө талапкерлер менен жандуу баарлашууларга орун бериши керек. Талапкердин ийгилигин баяндаган жеке кат алуу да шайлоочулар үчүн жагымдуу болмок. Жан-дүйнөңдү козгой турган аңгемелер өзүнө элди көбүрөөк тармак. 

Марат Амир, актер:

— Мен деги эле эч нерсени байкабайм, менин кызыктырган эч нерсе жок. Көп убакыттан бери мен үгүт материалдарын этибар албаганга үйрөнүп калгам, менин көңүлүмдү бура турган эмне бар экенин айта да албайм. Партиялар жоон топтон чындап бөлүнүп, өзүн көрсөтүш үчүн чыгармачыл жана тапкыч болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0