БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында Чоң-Ак-Сууга агып кеткен чабандын жардамчысы 53 жаштагы Казакбай Асанкожоевди издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 2-сентябрь күнү издөө иштерин улантып, 25 чакырым жерди карап чыгышкан. Бирок бул аракеттерден эч натыйжа чыккан жок.
Издөө кечки саат 5.30да убактылуу токтотулду.