БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолунун 58-чакырымындагы Дунларов атындагы көпүрөнүн алдынан 61 жаштагы Алымбек Кутуевдин денеси табылганын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, Кутуевдин жансыз денеси 1-сентябрь күнү табылган. Ал Кемин районунун Кош-Келең айылынын тургуну экени аныкталды.
Куткаруучулар денени суудан чыгарып, Токмок шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.