БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Өткөн сутка ичинде жарандык коргонуунун өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында тогуз өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында Досумбаев аттуу жарандын турак-жайынын 180 чарчы метр чатыры, бастырманын 50 чарчы метр чатыры, отункананын 15 чарчы метр чатыры, Волга-3110 үлгүсүндөгү автоунаа, "Урал" мотоцикли, 300 түк чөп жана 10 куб отун күйүп кеткен.
Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы убакта көп кездешкен өрт кырсыгына көбүнесе адам фактору — тамеки тартуудагы, электр энергиясын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосу себеп болуп жатканын белгилейт. Мекеме өрт коопсуздугу эрежелерин сактоону эскертет.