БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда 24-августта кечки саат 6:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Согонду айылында сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Селдин кесепетинен айылдын үч чакырым ички чарбалык жолдору жараксыз болуп, 16 турак-жайдын короосун суу каптап кеткен. Анын ичинен суу алты үйдүн ичине кирген. Эки үйдү көчүрүү боюнча буга чейин эле корутунду берилгендигине карабай, алар кооптуу аймакта жашап келишкен.
ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.