БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар боюнча жалпысынан кароосуз калган төрт эс алуу багы оңдолуп жаткандыгын айтты.
"Манас-Ата аймактык кеңешиндеги Семетей кинотеатрынын алдында эс алуу багы, Черемушка кичи районундагы эс алуу бактарын бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми Киргизия кинотеатрынын алдындагы эки сейил бакты оңдоо иштери жакында башталат", — деди Кадырбаев.
Учурда калаанын борбордук аймагында жайгашкан, Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын айланасындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери аяктап, гүлдөр отургузулууда.
Шаар мэри аталган жайды оңдоп-түзөө эл аралык уюм менен бирге жүргүзүлүп, ага 1 миллион 900 миң сом акча каражаты жумшалгандыгын кошумчалады.