БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. "Кеңбулуң — автодорожный" өткөрүү пунктунда кыргызстандык чек арачылар LOM – S тапанчасын жана 98 даана 5,6 миллиметрлүү Hilti окторун таап чыгышканын Чек ара кызматы маалымдайт.
Билдирүүдө курал менен ок-дары казакстандык жарандын "Subaru Forester" автоунаасынан табылгандагы айтылат. Кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракеттенген.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалуучу жана ок-дары укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.