БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Балыкчы-Бөкөмбаев унаа жолунун 4-чакырымында В 38-31 АN Мерседес автоунаасы ала салып кеткенин ӨКМ маалымат кызматы кабарлайт.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 23 жаштагы Самат Эшимбек уулу каза болуп, машина ичиндеги үч жүргүнчүнүн экөө алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилишкен.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.