БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Эртең, 23-июлда саат 10.00дөн 20.00гө чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө муздак суу өчүрүлө турганын мэрия билдирет.
Маалыматка ылайык, бул Элебаев көчөсүндө суу түтүктөрүн орнотуу боюнча "Сантехма" ишканасы жүргүзүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу.
Муздак суу Байтик баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Горький, Жукеев-Пудовкин жана Кокон көчөлөрү менен чектешкен жерлерде өчүрүлөт. Ошондой эле эртең Октябрь райадминистрациясында, №5 өрт өчүрүү бөлүмүндө, "Учкун" басылмасында жана "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасында муздак суу болбойт.