БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу майзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.
Ага ылайык, республикалык бюджеттин МИП гранттарын эске алуу менен жалпы киреше 7 миллиард 778 миллион сомго көбөйтүлүп, 111 миллиард 531 миллион сомду түзөт.
2015-жылга республикалык бюджеттин такталган чыгымдары 136 миллиард 858 миллион сом же ИДПга карата 31,2 пайызды түзүп, бекитилген бюджеттен 18 миллиард 422 миллион сомго көп болору белгилүү болду.
Мыйзамда ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган саламаттык сактоо мекемелерин республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.