БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирет.
Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугат. Визиттин алкагында кыргыз-казак
кызматташуусунун көп тараптуу багыттары талкууланат.