БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Баткен облусундагы "Айгүлташ – Согмент" авто жолун курууда Транспорт жана байланыш министрлигинин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын аныктаган.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, курулуш учурунда "Кыргыздортранспроект" долбоорлоо институту тарабынан даярдалган документациялык долбоордон четтеп кеткен учурлар аныкталган. Ошондой эле курулуштун жүрүшүнө техникалык көзөмөл болгон эмес.
"Кыргыздортранспроект" институтунун корутундусуна ылайык, курулушту документациялык долбоорго ылайык келтирүү үчүн кошумча дагы 62 миллион сом керектелет.
УКМКнын Тергөө башкармалыгы аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.