БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Унаа Бишкектеги №1 оорукананын жанынан күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Фучик атындагы көчөдө S95-18AB мамлекеттик номерлүү Volkswagen Passat автоунаасы күйө баштаганда куткаруучулар өрттү токтотууга үлгүрүшкөн.
Кырсыкка унаа электроникасындагы бузулуу себеп болгон.