БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев адам өлүмү менен коштолгон авиа кырсыкка байланыштуу Индонезиянын президенти Жоко Видодого көңүл айткан телеграмма жөнөткөнүн президенттин маалымат кызматы билдирет.
"Hercules C-130" аскердик-унаа учагы шейшемби күнү Индонезияда абадан жарылып, мейманканага кулап түшкөн. Унаанын ичиндеги 113 адамдын баары каза болду.
Президент өз телеграммасында өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезинен сакайып кетишин каалады.