БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-27-июнь күндөрү "Ысык-Көл форуму" математика илими боюнча өткөнүн Улуттук Илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, форумга Россия, Түркия, Чехия, Казакстан, Сербия, Азербайжан мамлекеттеринен келген атактуу окумуштуу-математикачылар катышып, анда жаңы илимий жыйынтыктар жана математиканын чечүүнү талап кылган заманбап маселелери талкууланды.
"Ысык-Көл форуму" залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылдан бери өтүп келе жатат. Иш-чарада дүйнө жүзүндөгү маданият, илим жана адабият жаатында таанымал инсандар бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн, цивилизациянын келечек багытын талкуулашкан эле.
Кыргызстан окумуштуулар союзу илимдин белгилүү тармактары боюнча Ысык-Көл форумунун сериясын өткөрүүнү болжолдошту.