00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Биологдор Жер жүзүндө алтынчы жолку массалык кырылуу башталганын далилдешти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГорилла. Архив
Горилла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биологдор бүгүнкү күндө омурткалуу жаныбарлардын жок болуу тездигин так эсептеп чыгышты, жана бул ачылыш окумуштууларга азыр Жер бетинде чынында эле жаныбарлардын алтынчы жолку массалык кырылып жок болушу жүрүп жатат деп ырастоого негиз болду. Бул көрүнүш табияттын эмес, адамдын жасагандарынын кесепетинен болуп жатат дейт биологдор.

БИШКЕК, 21-июнь – Sputnik. Биологдордун эл аралык тобу өсүмдүктөр менен жаныбар дүйнөсүндө түрлөрдүн жоголуп кетүү жыштыгы боюнча маалыматтарга таянуу менен, азыр Жер бетинде чынында эле жаныбарлардын алтынчы жолку массалык кырылып жок болушу жүрүп жатканын, бул көрүнүшкө табият эмес, адамдын себепкер экенин билдиришет. Бул туурасында РИА Новости Science Advances журналына таянуу менен кабарлайт.

"Эгер бул көрүнүш улана турган болсо, жоюлуп кеткен биотүзүлүштөрдү кайра калыбына келтирүүгө миллиондогон жылдар талап кылынат, жана адам өзү да тез арада жок болуп кетиши ыктымал", — дейт Мехико университетинин (Мексика) окумуштуусу Герардо Себаллос (Gerardo Ceballos).

Себаллос жана атактуу эколог Пол Эрлихтин (Paul Ehrlich) жетекчилиги (Стэнфорд университети, АКШ) астындагы кесиптештери сүт эмүүчүлөрдүн жана башка омурткалуу жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн мурдагы массалык өлүп жоюлуу учурундагы кырылуу жыштыгын санап көргөндөн кийин ушундай тыянакка келишкен. Ошондой эле алар массалык кырылган мезгилдердин аралыгындагы салыштырмалуу "тынч" абалдагы өлүмдөрдүн эсебин да чыгарышкан.

Алардын эсеби боюнча, антропоцена деп аталган адам доорунан мурунку доордо ар бир жүз жыл сайын сүт эмүүчүлөрдүн ар бир он миң түрүнүн ичинен эки түр жаныбар жок болуп турса, 20-кылымда бул сан 114 эсе өскөн.

Башкача айтканда, ушул мезгил аралыгында жок болуп кеткен түрлөрдүн саны бир кылымда эмес, 10 миң жылда жок болушу керек эле. Акыркы эки кылымда жаныбарлардын жоюлуп кетүү тездиги динозаврлар, деңиздин алп жандыктары жана птерозаврлар кырылып калган 66 миллион жыл мурдагы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн жок болуу ылдамдыгына тездик менен жакындап бара жатат деп белгилешет окумуштуулар.

"Биздин эсептөөлөр азыркы жок болуунун көлөмүн өтө эле толук эмес баалашы мүмкүндүгүн баса белгилейбиз. Себеби биз адамдын иш-аракеттери экосистемалар менен түрлөрдүн көпчүлүгүнө көрсөтүп жаткан таасирдин төмөнкү гана чегин иликтеп көрүүгө аракет кылдык", — деп жазат илимпоздор.

Мындай абалдан чыгуунун жолу барбы? Эрлихтин пикиринде өлүп жок болуулардын масштабын азайтуу үчүн азырынча адамзатынын убактысы бар, бирок бул убакыт өтө тездик менен кыскарып баратат. Бүгүн, анын айтымында, амфибиялардын түрлөрүнүн 40 пайызга жакыны жоголуу коркунучунда, жана сүт эмүүчүлөрдүн төрттөн бирин да ушул эле тагдыр күтүп турат.

"Жаныбарлардын алтынчы массалык жоюлушунан чындап кутулуу үчүн биз жоголуп бара жаткан түрлөрдү коргоо чараларын токтоосуз күчтөндүрүп жана кеңейтишибиз керек. Мындай жаныбарлардын көбөйүшүнө келтирилип жаткан тоскоолдуктарды жоюу, башкача айтканда, алар жашоочу чөйрөлөрдү кыйратуу аракеттерин, климатты ашыкча пайдаланып жана өзгөртүүнү токтотуу талап кылынат", — деп тыянак чыгарат эколог.

Бул иликтөө азыр коомчулуктун көп бөлүгүн кайдыгер калтырган жок, бирок, адамзат дагы деле экосистемага кесепетин тийгизген иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0